ЭЛДИК КАБАР: Алмазбек Атамбаевди тоюна чакырган жубайларды президенттин атынан Базар-Коргон районунун акими куттуктады

Президентти тоюна чакырган жубайларды куттуктап өлкө башчынын ордуна райондун акими келди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Жыргалбек Нажиманов SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

24 жаштагы Жыргалбек Нажимановдун айтымында, ал мамлекет башчынын расмий сайты аркылуу 14-декабрда президентке кат жолдоп, өзүнүн тоюна чакырган.

"Тоюбуз 4-январда болду. Ага келип ак батасын берип кетсин деп президентибизди чакырган элем. Өлкө башчынын катыма жооп бергенин, анын өтө жөнөкөйлүгүн унутпайм. Ал өзү келе албасын айтып, ордуна райондун акими келип куттуктап кетти. Аким алтын саат тапшырып, президенттин куттуктоо телеграммасын окуп берди",- деп кубанганын жашырган жок.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
expert.007
2016-01-07 14:41:27
Чакырган жерден калба дейт. Озу барып койбоптур
0
mr.ulan89
2016-01-07 14:56:09
expert.007, Ал деге президентта даг рахмат ошо акимди жибериптир такыр жооп бербей койсо да болмок
+4
behappy74
2016-01-07 15:04:11
expert.007, Президентке катын алган жерге баргандан башка жумуш жок дейсинби. Президентти чакыра калып бирдеме ала калыш учун, келбесе жамандап мынча наглый болбосокчу туугандарым
+10
Nurik-88
2016-01-07 15:12:42
behappy74 туура айтасын, айтканына толук кошулам
+1
karexher
2016-01-07 14:46:22
бактылу болгула
0
Orozbek.Albina
2016-01-07 16:43:43
Оо куттуктайм.
0
Moskva.kg
2016-01-07 16:46:30
Президентти эмес туугандарды бирин калтырбай чакырып алалычы тойго эми туулган кундорго да чакырып алышбаса эле болду АШАны
+7
sabyr86
2016-01-07 17:07:02
Эми башташат алтын саат алыптыр,биз да алалы деп тойго чакырып.))
+6
Geroy
2016-01-07 17:10:26
Молодец. Соонун. Эми туурагычтар башталат. Олук ата койгусу келип)))
+4
realliver
2016-01-07 18:56:27
Geroy, кой э олук ата дебе
+1
suymon
2016-01-07 17:29:45
акчам коп деп тойго акчасы копторду чакырганго.карылар уйундогулорду же балдар уйундогу жаш балдарды чакырсан президент сага белек бермек
0
Odik11
2016-01-07 19:36:21
Акимди саатка тушуруп койгон го
+1
kepka
2016-01-08 11:56:33
Odik11,хаха
0
mi-li-na
2016-01-07 19:48:08
АШАнын жумушунун коптугундо шегим бар барып келсе деле болмокэкен, же чет жерде бекен ыя-а-а-а
-4
asy777
2016-01-07 21:28:10
мышык майга жетпей сасык дейт Атамбаевти колдойм азамат экен
+4
zara-919
2016-01-07 21:50:21
өллдүү эми...баары чакыра башташат.
+3
Orozbek.Albina
2016-01-08 02:25:39
Мендагы чакырат окшойм кантип кайсы сайттан чакырдыкен?
0
begai93
2016-01-08 17:30:48
Балее болот эми баары чакырып Призидент досунар беле тойго чакыргыдай!
+1
Shat.88
2016-01-09 00:51:19
Ии жазгыла ортодо бирдеме бар,соо эмес,сыр бардай деп
0
Qnet
2016-01-09 02:32:35
Анан пакетке устуканын салып беришти бекен))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан