Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 3-декабрында кабыл алынган. Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоорунун максаты элет калкынын кедейчилигин жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өздөрүнүн коомчулуктары менен жергиликтүү өнүктүрүү программаларын пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча иштериндеги потенциалын өнүктүрүүнүн эсебинен жоюу болуп саналат.
Ратификацияланган макулдашуу жергиликтүү деңгээлде тейлөө жана кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык аймактардын социалдык жана экономикалык инфраструктуранын сапаттуу объектилерине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.