Кыргыз жерине инвестиция тартуу шарттары жакшыртылып, тендердин жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнү жатат. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам 3 жыл мурун кабыл алынганы менен, иштебей келет. Ошондуктан мыйзамга инвестиция тартуу процессин жеңилдетүүгө жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар түзөтүүлөр киргизилип жатканы айтылды. Мисалы, азыркы мыйзамга ылайык, эгер мамлекет өз демилгеси менен кандайдыр бир инвестициялык долбоорго тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керек. Бул мөөнөт 30 күнгө чейин кыскартылууда. Ал эми тендерге келип түшкөн сунуштарды талдоо процесси 30 күндөн 15 күнгө чейин кыскарат.
Мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште биринчи окуу режиминде.