Кыргыз мамлекетин дүйнөлүк ири банктын түзүүчүсү кылууга багытталган мыйзам ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-январда "Азия инфраструктуралык инвестиция банкы боюнча макулдашуунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ 2015-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

АИИБ Азиядагы өндүрүштүк инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн каржылык колдоону камсыздай турган көп тараптуу өнүктүрүү банкы катары түзүлүүдө. Транспорт, телекоммуникация, энергетика, суу менен жабдуу, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестиция тартуу банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Банкка дүйнөнүн 57 өлкөсү түзүүчү болуп кирүүдө.

Кыргыз мамлекети Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын түзүүчүлөр курамына киргенден кийин ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген насыяларды алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан