Өкмөттө бүгүн түрмөлөрдүн абалы талкууланды

Өкмөттө бүгүн, 12-январда жаза аткаруу системиндеги абал талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев акыркы учурда жаза аткаруу мекемелеринде катталган окуялар абактардагы акыркы кырдаалды көрсөткөнүн билдирди.

“Мындай кырдаалдын жаралышына, биринчиден, жаза аткаруу мекемелеринин учурдагы талапка жооп бербей, тиешелүү көңүл бурулбай калганы себеп. Экинчи себеп - абак кызматкерлеринин өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылышы. Бул окуялардан сабак алып, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилген, талап катуу болот. Мамлекет бул тармактагы тартипти оңдоого көңүл бурууну күчөтөт”,- деди Сариев.

Жаза аткаруу системиндеги абалды жакшыртуу, өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган №19-атайын режимдик мекеменин имаратынын курулушун бүтүрүү, диний-экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн эркинен ажыратылгандар кармалчу №16 жана №27-жаза аткаруу мекемелеринин курулушун бүтүрүү, кызматкерлердин жашоо шартын жакшыртуу үчүн атайын үй куруу зарылдыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан