Өлкөнүн бардык аймагына интернет жеткирүү тапшырмасы берилди

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-январда Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташев менен жолугушууда сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыздоо ишин күчөтүү зарылдыгын билдирди.

“Сапаттуу байланыш, интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү боюнча иштерди азыркы шартка ылайыктап жүргүзүү керек. Сиздин алдыңызда өлкөнүн ар бир бурчун сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш менен камсыз кылуу, өлкө аймактарын, анын ичинде бардык мектептерди интернетке туташтыруу жана сапаттуу телевидение, радио менен камсыз кылуу милдети турат”,- деди Сариев.

Премьер-министр 2016-жылдын 10-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыздоо боюнча атайын долбоор даярдоо тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан