Тармактык комитет “Товарларды эсептик-көзөмөлдүк маркалар менен маркалоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 12-январда салыктык башкаруу, контрафакттык продукцияларды аныктоо ишин жакшыртуу, коррупциялык жашыруун схемаларды жоюуга багытталган “Товарларды эсептик-көзөмөлдүк маркалар менен маркалоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын четке какты.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, маркалоону колдонуу көмүскө бизнести көрүнөө алып чыгат. Тандоочу салык салуу тажрыйбасы көрсөткөндөй, бир ишканада салыктык мыйзамдардан тышкары иштөө мүмкүнчүлүгү бар, ал эми айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бирөөлөр байыйт, ал эми башкалары көмүскөгө кетүүгө мажбур болот. Мисалы, 2012-жылы жалган ишкердик жаатында 143 текшерүү жүргүзүлүп, 234,4 миллион сом өлчөмүндө кошумча салык эсептелген.

Талкууда депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасы ЕАЭБге каржы кризиси күч алган кыйын учурда кошулганын айтып, ата мекендик бизнестин өнүгүшүнө жолтоо болбостон, ага колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. “Бул мыйзам долбоору ансыз да кыйналып турган ишкерлердин чыгымын арбытат”,- дейт депутат. Комитет мүчөлөрү депутаттын мындай пикири менен макул болуп, долбоорду четке кагышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан