"Орусиянын федералдык телеканалдарына мамлекетибизде өзгөчө статус берүүгө каршымын",- деди бүгүн, 13-январда тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.
Анын айтымында, эгер орусиялык телеканалдарга Кыргыз Республикасында өзгөчө статус берилсе, жергиликтүү каналдар зыянга учурашы толук мүмкүн. "Калкыбыздын "орусиялык телеканалдарсыз жашай албайбыз" дегенин уккан эмесмин. Өлкөбүздүн кайсы аймактарында орусиялык телеканалдарды жакшы көрүшкөнүн аныкташ керек. Орусиялык телеканалдарга өзгөчө статус берүү улуттук деңгээлдеги маселе. Эртеңки парламенттик жыйынында мен бул маселени көтөрөм",- деп убадалады Акаев.