Путин менен Обама Сирия, Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обама 13-январда телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, президенттер Минск келишимин аткаруу зарылдыгын белгилешип, Обама Донбасста жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү биринчи орундагы маселе экенин айтты.

Обама менен Путин Жакынкы Чыгышта терроризм менен күрөшүүдө аскердик багыттагы эки тараптуу байланыштардын абалын да сүйлөшүшкөнү айтылды. "Владимир Путин "Ислам мамлекети" тобу жана башка экстремисттик уюмдар менен күрөшүү үчүн ири коалиция түзүү зарылдыгын дагы бир жолу айтты",- деп айтылат маалыматта.

Өлкө лидерлери Түндүк Кореянын суутек жардыргычын сынашы, Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы конфликт тууралуу да пикир алышып, көрүлүшү керек болгон чараларды аташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан