Дастан Бекешев: "Мамлекеттик кызматкерлерге класстык чин ыйгаруу тартиби талапка жооп бербейт"

"Мамлекеттик кызматкерлерге берилип жаткан класстык чин ошол кызматкердин чыныгы профессионалдык деңгээлин көрсөтө албайт. Класстык чин ыйгаруунун азыркы тартиби заман талабына жооп бербейт, аны өзгөртүү зарыл". Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик кызматкерлерге чин берүүнүн алгылыктуу тартибин иштеп чыгышыбыз керек. Ал ошол кызматкердин чыныгы деңгээлин көрсөтө алгыдай болушу шарт. Мында мамлекеттик кызматкердин көп тил билүүсү, мыйзамдарды билүүсү, өз иш милдетин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү сындуу артыкчылык жактары эске алынса жакшы болмок. Эгер өкмөт макул болсо, мен бул багытта чогуу иштешүүгө даярмын",- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан