Өкмөт башчы 2016-жылы электр энергиясындагы жоготууларды 13 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты

2016-жылы электр энергиясындагы жоготууларды 13 пайызга чейин түшүрүү зарыл. Муну премьер-министр Темир Сариев 18-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги жыйында билдирип, бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы дебитордук карыз 275 миллион 600 миң сомго көбөйгөнүн айтты.

“Электр энергиясын жоготуу жана карыздарды чогултуу ишин кескин түрдө жакшыртуу керек. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Аймактарда бул боюнча облус, район жетекчилери да жооп беришет”,- дейт өкмөт башчы. Буга чейин айрым мекемелерди жылытуунун альтернативдүү булактарына, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газга өткөрүү тапшырмасы берилгенин белгилеп, бул жаатта ишти күчөтүү зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан