АКШ террористтер келиши мүмкүн делген "өзгөчө кооптуу өлкөлөрдүн" катарына Кыргыз Республикасын киргизди. Тийиштүү мыйзамдын долбоору АКШ Конгрессине киргизилгенин 19-январда орусиялык басылмалар жарыялашты.
АКШ коркунучтуу деп эсептеген өлкөлөрдүн катарына жалпы 30дан ашык мамлекет кирүүдө: Орусия, Ооганстан, Алжир, Бахрейн, Бангладеш, Египет, Эритрея, Индонезия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Кувейт, Ливан, Ливия, Мали, Марокко, Нигерия, Түндүк Корея, Оман, Пакистан, Катар, Сауд Арабия, Сомали, Судан, Сирия, Тажикстан, Тунис, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Йемен, Палестина.
Мыйзам долбооруна ылайык, аталган өлкөдөн АКШга барчу жарандарды текшерүү, аларга виза берүүдөгү талаптар кескин күчөйт. Америкалык виза алуу боюнча жарандардан түшкөн арыз 30 күндөн кем эмес текшерилет жана аталган өлкөлөрдүн качкындарын көзөмөлдөө жогоруламакчы.