Президент биометрикалык паспорт киргизүү боюнча Тайырбек Сарпашевдин маалыматын укту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды.

Жолугушууда президентке мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү, сапатын жогорулатуу чаралары, калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоонун экинчи баскычынын концепциясынын негизги багыттары, жарандарды алдынкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү уюштуруу боюнча мекеменин пландары тууралуу маалымат берилди.

Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун уланышы, өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү аракеттери жөнүндө айтып берди.

Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун заманбап технологияларын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылууга жана алар көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга, коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан