Өмүрбек Бабанов: "Эркекче сөз берем, эгер кош жарандуулугум аныкталса, мандатымды тапшырам"

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутат Жыргалбек Саматов тарабынан айтылган айыптоого жооп кайтарды. Бабанов айтылган маалымат аныкталса, мандатын тапшырууга даяр экенин билдирди.

"Кош жарандуулук боюнча расмий түрдө билдирем. Казакстанданбы, Орусияданбы, сурагыла, Башкы прокуратураны же министрликти чакырасыңарбы, мен баарына макулмун. Мына, мени айыптаган Жыргал Саматов менен бир катарда отурабыз. Бул адамдын абийирин жакшы билебиз.

Жыргал, кел, депутаттардын алдында эркекче сөз берели. Экөөбүз тең Орусияга, Казакстанга расмий кайрылуу жиберели. Алар экөөбүздү тең "биздин жараныбыз" деп жооп беришсе, экөөбүз тең мандатты тапшырып беребиз. Эгер "биздин жараныбыз эмес" дешсе, ишибизди уланталы. Урматтуу депутаттар, азыр экөөбүз тең жарандыгыбызды аныктоо үчүн арыз жазабыз..."- деп билдирди Бабанов.

Фракция лидери депутат Саматовду бирөөнүн бизнеси боюнча абайлап сүйлөөгө чакырды. "Урматтуу Саматов, бирөөнүн бизнесин сындагандан мурун өзүңдүн бизнесиңди бир карап койбойсуңбу? Мен президенттин же премьер-министрдин баласы болуп төрөлгөн эмесмин. Бирөөнүн бизнесин тартып алган жокмун. Ырас, айтылып калдыбы, тийиштүү органдар текшерсин. Саматовдун кылмыш иштерин да карап чыксын",- деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан