Асылбек Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчисин беш мобилдик клиниканы кыргыз өлкөсүнө берүү боюнча чечиминин тез арада аткарылышына көңүл бурууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси Ахмад Мохаммед Али аль-Мадани менен жолугушту. Жолугушуу алгач чакан, андан соң кеңири форматта өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен аталган банктын ортосундагы кызматташуунун абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү тууралуу кеңири пикир алышышты.

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты. Парламент жетекчиси өз сөзүндө Ислам өнүктүрүү банкынын жүргүзүп жаткан иштеринин актуалдуулугун белгиледи. Ошону менен катар кыргыз тараптын Араб координациялык тобунун (АКТ) алкагында аталган банк менен мындан ары кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“Сиздин Ислам өнүктүрүү банкын түптөөдөгү жеке эмгегиңиз зор. Анын дүйнөлүк аброюнун артышы - сиздин талыкпаган эмгегиңиздин акыбети. Аталган банктын бир катар мамлекеттердин социалдык, экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган ишмердүүлүгү жогору баага арзыйт. ИӨБ өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду колдоо менен Кыргыз Республикасында инфратүзүмдү жакшыртууга зор салым кошту”, - деди парламент жетекчиси.

Ахмад Мохаммед Али аль-Мадани Кыргыз Республикасы менен ал жетектеген банктын ортосундагы кызматташуунун тамыры тереңде экенин, Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасы менен кызматташууну жакшыртууга дилгирлигин билдирди. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, эки тараптуу кызматташуунун жүрүшүндө жалпысынан 280 миллион долларлык транспорт, айыл чарбасы, тоо-кен, өндүрүш, саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга багытталган 46 долбоор башталган. Алардын ичинен 26сы жүзөгө ашса, калган 20 долбоор ишке ашырылууда.

“Биз алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. CASA-1000 долбооруна 50 миллион доллар, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна 14 миллион доллар, "Сарымсак ирригация системин өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууга 13,5 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүү чечими принципиалдуу түрдө кабыл алынды”, - деп канааттануу менен белгиледи.

Төрага маектешинин көңүлүн маанилүү ири эки ирригациялык долбоорго бурду. Бул ирригациялык ири долбоорлордун жүзөгө ашышы өлкө ичиндеги суу көйгөйүнүн чечилишине, суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттер аралык мамилени бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. “Ирригациялык долбоорлордун ишке киришине ИӨБ тараптан каржылык колдоо көрсөтүүлөрүнө үмүт артабыз” деген Жээнбеков өлкөнүн алыскы аймактардагы жашоочуларынын медициналык кызматка жетүүсүн жакшыртуу максатында ИӨБ тарабынан республикага жалпы суммасы 10 миллион долларга жеткен беш мобилдик клиникасын берүү чечиминин чукул арада аткарылышына көңүл бурууга чакырды.

Буга жооп иретинде Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси кыргыз тараптан ушу кезге чейинки көтөрүлгөн маселелердин баары 2016-2018-жылдар аралыгында кызматташуу стратегия долбоорунун алкагында чечилерин маалымдады. Ошондой эле ушул өңдөнгөн маселелерди иликтөө үчүн ИӨБ делегациясы ушу жылдын жаз мезгилинин башында кыргыз жерине барарын кошумчалады. Мындан сырткары ирригациялык долбоорлор чоң болгондуктан, аны жүзөгө ашыруу үчүн Араб координациялык тобу менен чогуу иш алып баруу зарылдыгы белгиленип, 10 миллион долларлык беш мобилдик клиника боюнча чечим жакынкы мезгилде аткарылары маалым болду.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Канатбек Исаев, Төрөбай Зулпукаров, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов, Тазабек Икрамов жана Динара Исаева катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан