Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында мунайзат боюнча аткезчилик күчөдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда парламент жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирип, Казакстан менен эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.
"Теңгеге караганда сомдун куну бекем, ошондуктан Казакстан менен Кыргыз Республикасындагы күйүүчү майлардын баасында айырма чоң болууда. Мунайзат продукцияларын өлкө аймагына мыйзамсыз ташып келүү аргасыздан болууда. Казакстан менен эки тараптуу келишим түзүлсө, күйүүчү май контрабандаcы азайып, жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жакшырмак. Дыйкандарга да ыңгайлуу болмок, өлкөдө күйүүчү майдын баасын арзандатуу зарыл",- дейт депутат.