Кара-Балтадагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводу мамлекетке төлөнчү салыктын жарымын бербей жүргөнү аныкталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Аширов бүгүн, 21-январда парламентте билдиргендей, текшерүүдө салык каражаттары, документтер жашырылганы ачыкталды.
"Бизге мыйзам бузуу фактылары боюнча оперативдүү маалыматтар түшкөн. Ачыкка чыккан документтерге ылайык, ишканадан бюджетке эки эсе көп салыктык каражат түшүүгө тийиш экен. Ушул кезге чейин продукциянын көлөмү да, салык өлчөмү да жашырылып келген. Биз заводдун ишин токтоткон эмеспиз, ишкана жетекчилиги жашырылган акчаны төлөп берүүгө, жасалмаланган документтерди калыбына келтирүүгө макул болду",- деп билдирди Аширов.
Парламент депутаттары завод азыркы учурда токтоп турганын айтышты. Ишкана жетекчилиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы заводдун диспетчердик блогунун чибин алып койгондуктан завод токтогонун айтууда.