ЭЛДИК КАБАР: "Баткенде төрт унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 10дон ашык адам жаракат алды" деди окурман (фоторепортаж)

Кадамжай шаарында төрт унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Анда жүк ташыган унаа, маршруттук такси жана Дамас үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Окурман жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 10дон ашык адам жаракат алганын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 24-январда билдирди.

"Жол кырсыгына жүк ташуучу унаанын техникалык бузулушу себеп болгон. Фура катуу ылдамдыкта келе жатып токтоткучу (тормозу) иштебей калып алдынан чыккан унааларды сүзгөн. Жол кырсыгы 23-январда болду",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
dasta
2016-01-24 16:58:38
Астафиролла аябай жаман болуптур аллахым озу сактасын
+1
aikol87
2016-01-24 17:18:38
Жаман болуптур.
+1
Rashit
2016-01-24 17:24:01
Фуранын ээси эмне болуптур байкуш атайы кылган жок да палакат
+5
kama_future_millioner
2016-01-24 17:39:49
Жаман болуптур кырсык деген нерседен кудайым озу сактасын
+1
kobra86
2016-01-24 17:42:43
Бварыныздарга Аллахым сабыр берсин!
+1
azamat.k
2016-01-24 19:00:39
Келип жатып озумдун козум менен кордум. Аябай каттуу болуптур. Куйда сактасын андай кырсыктан. Каза болгондордун жакындарына конул айтабыз.
0
NUR-01
2016-01-24 20:14:34
Аллах ОЗУ сактасын
0
MIRAN
2016-01-24 20:22:36
Кудай сактасыын
0
aibekkk
2016-01-24 21:09:40
башка сайттан окудум 13 жаштагы бала айдап бараткан дядясы уктап жаткан деп
-2
incognito1
2016-01-24 21:24:28
Менде мындай болгон. Жаны алган машина болчу, колодкилерин алмаштырып, кетип бараткам. Может СТОдо туура эмес жасашты, билбейм, тормозной шлангтар тешилип,майы агып калыптыр. Болгондо дагы Бишкекте Фрунзе менен дзержинка кочолорунун кесилишинде кызылга келип токтосом тойтобой, бир кудай сактап паника болбой, сигнал берип аварийканы кошуп, эчнерсени сузбой отуп, бир тупик поворотко кирип токтогом. Ошондойдо P га котруп ийип, ручник тартыш ойго келбептир. Кырсык каш кабактын ортосунда деген чын.
0
zuxrab777
2016-01-24 21:27:32
Кандай болгон күндө да, өлгөндөргө бейиши дейбиз, жакындарына көңүл айтабыз.
Жаман болгон экен, кырсыктагандарга сабыр тилейбиз,сакайып кетсин.
0
Kushtarbek345
2016-01-24 23:36:27
Машинага түшкүң келбей кетет
+2
kadamjai90
2016-01-25 13:45:19
Кудай сактасын айттырбай келген кырсыктан. Жаман болуптур.
0
admin_portal
2016-01-25 14:25:26
jan0097,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Chika78
2016-01-27 22:49:44
Ооба рулда 13жаштагы бала экен дешти ,атасы артта уктап жаткан экен ошол бойдон ойгонбоптур,бала больницада экен,Кудайым сактасын кутулбогон кырсыктан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан