АКШ президенти Барак Обама америкалык телеканалдардын бириндеги маегинде үчүнчү мөөнөткө президенттикке барбастыгын белгиледи. Обама өлкө башчылыгында көпкө кармалуу жумушуна жана жеке жашоосуна терс таасир этерин белгилеп: "Мыйзам жол берген күндө деле үчүнчү мөөнөткө ат салышмак эмесмин",- деп билдирди.
АКШ лидеринин билдиришинче, мамлекет башчылык улам жаңыланып турушу керек. Ак үйгө жаңы, энергия жана идеяларга бай адамдар келиши керектигин айтты.
Президенттиктен кеткенден кийин Обаманын эмне менен алектенери расмий айтыла элек. Америкалык басылмалардын бири Обама былтыр сентябрда Колумбия университетинин юридикалык факультетинин окутуучулар курамына кирүү үчүн сүйлөшүү жүргүзгөнүн жарыялаган. Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2016-жылдын 8-ноябрында өтөт. Эки жолу президент болуп шайланган Обама бул шайлоого катыша албайт. Экинчи мөөнөттөгү президенттик ыйгарым укуктары 2017-жылдын январында бүтөт.