Өкмөт автоунаасын камсыздандырбагандарга чара көрүүнү 2018-жылга чейин токтотту

Өкмөт автоунаасын камсыздандырбагандарга чара көрүү аракетин 2018-жылдын 1-январына чейин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта бул маселе катуу талкууга алынып, жарандар милдеттүү түрдө камсыздандырууну сындашкан. "2 жыл ичинде жарандар камсыздандыруунун жакшы жактары менен таанышып, 2 жылдан кийин мамилеси башкачараак болорун күтөбүз. Премьер-министр тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, 2018-жылга чейин айып салуу аракеттерин токтотуу демилгеси жактырылган. 2 жыл ичинде өкмөт бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзөт",- деди Панкратов.

Эскерте кетсек, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин же 2016-жылдын февралында күчүнө кирет.

Мыйзам күчүнө киргенден тарта унаасын камсыздандырбагандарга чара колдонулушу керек болчу. Өкмөт чара көрүүнү гана убактылуу артка жылдырды. Мыйзам иштей берет, айдоочулар алдыдагы эки жылдын ичинде унааларын камсыздандырышы керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан