Ысык-Көлдө сыналган "Бир айыл - бир продукция" долбоору башка аймактарда улантылат

Ысык-Көлдө ишке ашырылган "Бир айыл - бир продукция" долбоору өлкөнүн башка аймактарында улантылат. Экономика министрлигинин жетекчилиги менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү 25-январда долбоордун жыйынтыктарын, мындан аркы пландарды талкуулашты. Долбоордун максаты - жергиликтүү ресурсту пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана айыл тургундарынын кирешесин турукташтыруу.

Бишкекке "Бир айыл - бир продукция" борбору ачылганы жатканы айтылды. Борбор жергиликтүү ресурстардан товар өндүргөндөргө продукциянын сапатын жакшыртуу боюнча консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтмөкчү. Өндүрүлгөн товарды сатууну уюштуруу ишине да көмөктөшөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан