АКШнын Демократиялык институтунун өкүлүнө Жогорку Кеңештин комитеттеринин иши тууралуу маалымат берилди

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров 25-январда АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Алан Лэинг менен жолугушту. Тараптар тыгыз кызматташуу, шайлоочулардын көтөргөн маселелерин чечүүдө парламенттеги комитеттердин орду тууралуу пикир алышты.

Республиканын алыскы аймактарындагы жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү, балык чарбасы, өзгөчө корголуучу аймактар, жайыт, таза суу сындуу агрардык көйгөйлөр айтылып, комитеттин көчмө жыйындарын өткөрүү зарылдыгын талкуулашканын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, парламентте учурда 9 комитет иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан