Сүрөтчү Михаил Зайков 2009-жылы жогорку окуу жайды аяктагандан бери өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп келет. Ал тирүү кыздардан айырмаланбай турган куурчактарды жасап, миллиондогон адамдарды таң калтырууда.
"Мындай куурчактарды 2010-жылдан тарта жасап баштагам. Журналдардын биринен куурчактар тууралуу макала окуп калдым, андан соң автордук куурчактар да искусство чыгармасы болоруна ынандым. Алгач куурчактарым кыймылдачу эмес, кийин шарнирлүүлөрүн жасап калдым. Бир куурчакты жасоого бир айдай убакыт кетет. Чыгармачылыгыма ретро сүрөттөр, тасмалар эргүү берет",- дейт Михаил Зайков.
Баары сүрөттөн башталат. Калем менен куурчактын бет түзүлүшүн, мүнөзүн жана индивидуалдуулугун түшүрүп алат.
Андан соң куурчактын денеси полимер чопосунан жасалат. Ар бир куурчак сүрөтчүнүн эмгеги менен адамдай кыймылдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Куурчак жасалуучу жай коркунучтуу көрүнөт.
Ал эми баш жана бет түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Михаил Зайков куурчактарынын бетинин түсүнө дыкаттык менен мамиле кылат. Себеби бетинин түсү куурчактарга адамдыкындай өң берет.
Жадакалса куурчактын колдору да адамдыкындай. Колунун каркасы зым менен жасалат.
Эми куурчакка чач, кирпик тагып, бир аз көзүн боёп койсо, тирүү адамды көрүп жаткандай ой калат.
Эми куурчакты чогултуу гана калды. Кийимдери 20-кылымдын стилинде тигилет, ал эми бут кийими булгаарыдан жасалат.
Жыйынтыгы ушундай.
Михаил Зайков куурчактары менен.