"Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова бүгүн, 26-январда президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алды. Мамлекет башчы бир катар ММК өкүлдөрүнө кол сааттарды да тапшырды.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасында акыркы мезгилде коомчулук массалык маалымат каражаттары аркылуу, айрыкча мамлекеттик органдар тарабынан маанилүү чечимдердин кабыл алынышына реалдуу таасир этип жатканын жакшы көрүнүш катары баалады. Өлкө жетекчиси мамлекетте журналисттик ишмердүүлүктүн ролу жана жоопкерчилиги жогорулаганын белгиледи.
Журналисттерди алган сыйлыктары менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын соңунда президент Улуттук экономиканы чыңдоо жылында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эрдиктери үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө буйрук чыгарган.