Буга чейин көпчүлүктү таң калтырган Тимур аттуу теке жана Амур аттуу жолборстун "достугу" тууралуу жазылып, айтылып келген. Аларда "достук" пайда болуш үчүн бардык шарттар түзүлгөнү айтылып, кээ бир адистер муну катуу даярдалган пиар дешүүдө. Эксперттердин айтымында, жолборсту 2-3 жума ачка кармашса, текени "достукка" карабай жеп коёт.
Белгилүү зоолог, журналист жана саякатчы Тимофей Баженов эфирлердин биринде Амур семиргенинен ич бездери чочуп, окуянын аягы жакшы бүтпөшү тууралуу айткан. Анын ою боюнча, жолборсту ток кармагандыктан гана жолборс ушул убакка чейин текени жебей келет.
Ал эми "Амурлук жолборс" мекемесинин Приморск филиалынын директору Сергей Арамилев мындай окуя алгачкы ирет болуп жатпаганын белгилеген. "Эгер теке жолборстон коркпой, ага тап бере алса, жырткыч аны жегенден баш тартат. Тимур андан өтүп, Амурдун ордун тартып алды. Теке тамак катары жолборсту убактылуу гана кызыктырбайт. Эртеби, кечпи, жолборс текенин алсыздыгын көргөн соң аны жеп коёт",- дейт Арамилев.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, жолборстун күүлөө убагы келгендиктен, жүрүш-турушу өзгөрүлүп, эки "досту" эки жакка бөлүштү.