Бүгүн, 1-ноябрда Агартуу минстрлиги пенсия курагындагы педагогдордун эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу тарап жаткан билдирүүлөргө байланыштуу түшүндүмө берди.
Анда мекеме мугалимдерди жаш курагына карап басмырлоо саясатын жүргүзбөй тургандыгын белгилеп, бардык чечимдер мыйзамдарды сактоо менен кабыл алынарын кошумчалады.
"Учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгек ишмердүүлүгүн улантууда. Алардын кесиптик тажрыйбасы, билими жана өз кесибине берилгендиги улуттук билим берүү системасынын эң маанилүү ресурсу болуп саналат.
Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыкдар адамдардын, анын ичинде жаш адистердин саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган кадр саясатынын ар кандай ийкемдүү механизмдерин кароодо.
Мында пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралып жаткан жок.
Тескерисинче, насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Эч бир педагог жаш курагына байланыштуу басмырлоого дуушар болбошу керек. Улуу муундун тажрыйбасы жана жаш адистердин күч-кубаты Кыргызстандын ар бир баласына сапаттуу билим берүү деген бирдиктүү максатка кызмат кылууга тийиш", - деп белгиленди маалыматта.
Агартуу министрлиги сунуш-пикирлерге ачык экендигин белгилеп, жалгам маалыматтарды таратпоого чакырды.