Премьер-министр Темир Сариев 26-январда Баткен облустук администрациясынын 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
Өкмөт жетекчиси облустун социалдык-экономикалык абалын жана элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик жакшылап иштеши керектигин белгилеп: "Биздин негизги максат - элибиздин турмушун кескин түрдө жакшыртуу. Бул үчүн тартип керек жана жарандарыбыздын эмгектенишине шарт түзүү зарыл. Облустук, район жана айыл өкмөт башчылары борбордук бийликтин көрсөтмөсүн күтүп отурбастан, өз алдынча аракет көрүшү кажет",- деди.
Премьер-министр айыл чарба тармагында инновациялык ыкмаларды жайылтуу менен элдин жашоосун жакшыртууга болорун, азыркы учурда облуста жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөрүн белгиледи.