Баткенде узундугу 24 чакырымды түзчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун 13 чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу 26-январда өкмөт башчы Темир Сариевдин аталган жолдун курулушу менен таанышуусунда айтылды.
Премьер-министр аталган жолдун курулушу өлкө коопсуздугун сактоодо маанилүү экенин белгилеп, чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу максатында бардык шартты түзүүгө аракет көрүлөрүн билдирди.
Сариев чек арага жакын жайгашкан жерлерди иштетүү зарылдыгына да токтолду. Баткен облусунда былтыр 11 416 гектар жер иштетилбей калган, анын ичинен 856 гектары сугат жерлер экенин айткан өкмөт башчы мындай көрүнүшкө жол бербөө керектигин кошумчалады.