Бүгүн, 27-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында министр Алтынбек Максүтов 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин отчётун берди. Анда министрликтин өткөн жылдагы аткарган иштери тууралуу айтылды. "Кыргыз эли оозеки чыгармачылыкты аздектеп келген. Айтсак, айтыш өнөрү - муундан муунга өтүп келе жаткан өнөр. 2015-жылы кыргыздын айтыш өнөрүн ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине киргиздик", - деди Максүтов.
Ошондой эле министр 2015-жылы Улуттук китепканага сырттан тартылган инвестициялардын эсебинен (болжол менен 150 миң АКШ долларына) 1 музей (Алыкул Осмонов атындагы музей) жана 4 борбор ачылганын айтты. "Өткөн жылы Улуттук китепканада көп өзгөрүүлөр болду. Мисалы, 31 жылдан бери Улуттук китепканага жылуулук жарытарлык берилген эмес. 8 градус менен гана жылып келген. 2015-жылы бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, жылытуу кондициялоо системдери ийгиликтүү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бардык окуу залдарына кондиционер жана сплит системдери орнотулду”, - деп кошумчалады министр.