Москвада АКШ элчилигинин маңдайына "Обама №1-киллер" деген жазуусу бар плакат илинди

Москвада 27-январда эртең менен АКШ элчилигинин имаратынын маңдайындагы үйдүн дубалына "Обама №1-киллер" деген жазуусу бар АКШ президентинин сүрөтү тартылган плакат илинди. Баннерди "Главплакат" кыймылынын өкүлдөрү илгенин орусиялык ММКлар жарыялашты.

"10 метрлик плакат башка өлкөнүн аймагында кезектеги аскердик кийлигишүүсүн пландап жаткан АКШ өкмөтүнө арналды",- дешкен авторлор killer деген жазуу Обаманын акыркы 10 жылда АКШ кийлигишкен бардык аскердик операцияларда негизги тапшырмаларды аткарган аба-десанттык аскерлеринин 101-дивизиясын Жакынкы Чыгышка жөнөтүү чечимин туюнтарын айтышат. "Кезектеги кургактан чабуул жасоо операциясы карапайым калктын арасында ири жоготууларга алып келет",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, АКШнын коргоо министри Эштон Картер басылмалардын бириндеги макаласында "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүү үчүн жакында Иракка 101-аба десанттык дивизиясынын аскерлери жеткирилерин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан