Эмилбек Каптагаев кызматтан кетип жатканын тастыктады

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев кызматтан кетип жатат. Муну SUPER.KG'ге Каптагаев 27-январда өзү тастыктады. Мындай чечимге өкмөт башчы Темир Сариев менен макулдашкандан кийин келгенин айтты. "Менин ордума башкасы иштесин деп өкмөт башчыга сунуштадым. Ал жактан да сунуш болуп, ушул чечимге келдик. Үч жыл жакшы эле иштедим, эмгек өргүүсүнө да чыккан жокмун. Бул кызматтан кеткенден кийин башка кызматка барбайм, ден соолукка кам көрүп, башка иштер менен алектенем",- деди Каптагаев.

Каптагаев аталган кызматка 2013-жылы июнь айында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан