Мурунку президент Аскар Акаев каза болгон агасы Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатууга келе албагандыктан, анын ордуна уулу Илим Акаев учуп келди. Ал Бишкек убактысы боюча саат 6:20да Москва шаарынан "Манас" аэропортуна келип конгонун жакындары SUPER.KG'ге билдиришти. Аскар Акаев өзү Францияда дарыланып жаткандыктан келе албастыгын билдирген.
Бүгүн Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү жерге коюлат. Ага маркумдун жакын санаалаштары жана туугандары катышат.
Асанкул Акаев 26-январда Бишкекте оорудан улам көз жумган. Ал Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын эки жолку чакырылышына депутат болгон. 1939-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган.
Айта кетсек, 2014-жылы 3-августта Аскар Акаев бир тууган агасы Болот Акаев каза болуп, акыркы сапарга узатууга коопсуздук маселесинен улам келе алган эмес.