Үйдү камсыздандыруу: Кайсы учурларда камсыздандыруу төлөнүп берилет? (тизме)

Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы бүгүн, 28-январда камсыздандырылган үй зыянга учураганда камсыздандыруу төлөмүн берүү критерийлери тууралуу маалымат берди. Мекеменин билдиришинче, камсыздандыруу окуясы деп булар эсептелет:

1. Өрт, камсыздандырылган турак жайдан сырткары чыккан өрт кырсыгы;

2. Өрттү өчүрүү боюнча мыйзамдуу аракеттерди жасоонун натыйжасында суунун турак жайга кириши;

3. Табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары:

  • жер титирөө - күчү 6 балл жана андан жогору жер силкинүүлөр;
  • сел - анча чоң эмес тоо дарыяларында жана кургак колоттордо нөшөрлөгөн жаандан же кардын тез эришинен келип чыккан таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын абдан чоң аралашмалары менен келген агын суу;
  • суу ташкыны - кардын, мөңгүнүн эришинин күчөшүнөн же нөшөрлөгөн жаандан келип чыккан дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилдүү эмес көтөрүлгөн дарыянын суу режиминин фазасы;
  • бийик тоолордогу табигый көлдөрдүн тосмолорун жырып кетүү - тосмонун толук же жарым-жартылай кыйрашынын кесепетинен дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулган, кыйратуучу күчкө ээ селдин жана суу ташкынынын агымы;
  • кар көчкү - кыйратуучу күчкө ээ, тоолордун боорлорунан кардын же муздун күтүүсүз кулап түшкөн кыймылы;
  • уроо - оордук күчүнүн басымы астында тоо боорлорунан төмөн карай тоо тектеринин массасынын кулап түшүшү жана урашы;
  • таш кулоо - чоң ташка чейинки тоо тектеринин сыныктарынын урап түшүшү же боордон тоголонуп түшүшү;
  • жер көчкү - гравитациялык күчтүн таасири астында боордон же жантаймадан тоо тектеринин чоң көлөмдөгү массасынын төмөн карай көчүшү;
  • суу каптоо - суу сактагычтарды жана плотиналарды курууда дарыядагы суулардын горизонтунун жогорулашы, суу түтүктөрүнөн, каналдык тутумдардан жана башкалардан суулардын жоголушунан келип чыккан кыртыштагы суунун деңгээлинин күтүүсүздөн жогорулашы, мунун баскычтары:
  • күчтүү шамал - катуу шамалдын күчү секундасына 25 метр жана андан жогорку шамал;
  • ак жаан - суулардын киришине, суунун каптап кетишине, басып калуусуна алып келген бир нече сутка бою атмосферадан тынымсыз жаап турган жаан-чачын. Жаандан түшкөн суунун көлөмү 48 сааттын ичинде 60 миллиметр жана андан ашыгыраагы;
  • катуу жаан, нөшөр - суулардын киришин, суунун каптап кетишин, басып калышын жараткан сутка ичинде атмосферадан тынымсыз жаап турган жаан-чачын;
  • бурганак - кардын узакка жаашы;
  • борошо - узактыгы 12 саат жана андан ашыгыраак болгон күчтүү шамалдан улам кардын которулушу;
  • мөндүр - диаметри 20 миллиметрден көп болгон муз бөлүкчөлөрү түрүндө, жылдын жылуу мезгилинде жааган атмосфералык жаан-чачын.

4. Табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын натыйжасында турак жайлардын бузулуу коркунучу жаралганда тийиштүү органдын чечими менен камсыздандырылган турак жайды бузуу жана коопсуз аймакка алып баруу.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) колдонулуп жаткан мезгилде иш жүзүндө болгон жана күтүүсүздөн турак жайдын бузулушунун себеби болгон, тиешелүү мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ырасталган окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан