Бишкектин борбору кичи автобустардан бошотулуп, таксилер бирдей түскө боёлот

Бишкек шаарынын борбору кичи автобустардан бошотулуп, коомдук унаалар газ менен жүрүүгө өткөрүлөт. Премьер-министр Темир Сариев 28-январда мэриянын коллегиялык жыйынында шаарда коомдук транспортту жөнгө салуу тапшырмасы аткарылбай кечигип жатканын айтып, бул жаатта ишти жандантуу тапшырмасын берди.

Өкмөт жетекчиси Бишкектеги таксилерди бирдей түскө өткөрүү ишин бүтүрүүнү да тапшырды.

"2016-жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленери, ага карата Бишкек шаарында олуттуу иштер жасалышы керектиги белгиленди. Шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, жашылдандыруу, имараттардын фасаддарын оңдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Маалыматка таянсак, Бишкекте быйыл 136 чакырым жол оңдолору пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан