Өмүрбек Текебаев: “Шайлоодо пара берген киши гана эмес, пара алган киши да күнөөлүү”

"Шайлоо учурунда пара берген киши гана эмес, пара алган киши да күнөөлүү",- деди бүгүн, 28-январда телеберүүдө парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, коомго жараша парламент болот. "Парламент - бул бүгүнкү калктын жүзү. Ар бир тарыхый кырдаал парламенттин алдына өзүнчө тапшырмаларды коёт. Жаңы парламентке өлкөбүздүн жаңы муунунун өкүлдөрү келишти. Жогорку Кеңешке жаңы көз караштары бар, жаңыча ой жүгүрткөн элита келди десек болот. Мурунку чакырылыштын курамы жакшы же жаман иштеди дегени, менин оюмча, туура эмес",- деди Текебаев.

"Биз парламенттин бүгүнкү курамына канааттанабыз. Эгер кырдаалга жараша пайда болгон өзгөрүүлөр талап кылбаса, курам ушул бойдон калат",- деди "Ата Мекендин" лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан