Асхат Акибаев Эмилбек Каптагаевдин ордуна Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 29-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Асхат Акибаев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында вице-премьер-министр Олег Панкратов А.Акибаевди мекеменин курамы менен тааныштырды.

Айта кетсек, 2013-жылдын июнь айынан бери аталган кызматта иштеген Эмилбек Каптагаев 2016-жылдын 27-январында кызматтан кетерин билдирген. Ал мындай чечимге өкмөт башчы Темир Сариев менен макулдашкандан кийин келгенин айткан. "Менин ордума башкасы иштесин деп өкмөт башчыга сунуштадым. Ал жактан да сунуш болуп, ушул чечимге келдик. Үч жыл жакшы эле иштедим, эмгек өргүүсүнө да чыккан жокмун. Бул кызматтан кеткенден кийин башка кызматка барбайм, ден соолукка кам көрүп, башка иштер менен алектенем",- деген Каптагаев.

Анын ордуна келген Асхат Акибаев Ысык-Көлдөгү белгилүү санаторийлердин биринин директору. 2016-жылдын 20-январында Акибаев президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Ардак грамота алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан