Өлкөдө Тарых жана маданият жылына карата 140 иш-чара өткөрүлөт

Кыргыз мамлекетинде Тарых жана маданият жылына карата 140 иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу 29-январда Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча өкмөттүн уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн комплекстүү планы талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев быйыл абдан маанилүү жыл экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын эгемендик алганынын 25 жылдыгы менен бирге бир катар маанилүү тарыхый мааракелер бар экенин айтты. "Алардын алкагында премьер-министр Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгы, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы, залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленерин билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып, иш-чараларды жогорку деңгээлде даярдап өткөрүү максатында Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн маалымдады.

“Быйыл биз үчүн абдан маанилүү жыл. Биз өзүбүздү сыйлап, эгемендикти, мамлекеттүүлүктү даңктоочу учур келди. Өз тарыхыбызды даңктоо менен эгемендикти бекемдөө үчүн баарыбыз биримдикте иш алып барышбыз керек”,- деди Темир Сариев.

Жыйын жүрүшүндө 2016-жылы өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев маалымат берди. Маалыматка ылайык, план 4 бөлүктөн туруп, 140 иш-чара камтылган.

Жыйында айрым сунуштарды эске алуу менен иш планды 10 күндүн ичинде тактап чыгууга тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан