Түркия дагы бир орусиялык аскер учагы Түркиянын аба аймагын бузганын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Орусиянын Аскер аба күчтөрүнө таандык Су-34 үлгүсүндөгү учак 29-январда (жума) саат 11:46да Түркиянын аба аймагын бузган. Бул учактын учкучу орус жана англис тилиндеги эскертүүлөргө жооп берген жок. Аба аймагын бузуу Орусиянын орус-түрк мамилелерди мындан да татаалдантууга ниеттенип жатканын көрсөтүп турат. Мындай аракеттер олуттуу натыйжага алып келиши мүмкүн",- деп айтылат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматында.
"Бул окуяга байланыштуу аталган мекеме Орусиянын элчисин чакырды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүнү каалаганын айтты",- деп жазышат басылмалар.
Ал эми орус тарап Түркиянын аба аймагын бузган учак Орусияга тийиштүү эмес экенин билдирди. "Орусиялык аскер учактары аба аймагын бузган эмес. Радиолокациялык станциялар (радарлар) абадагы объекттин бийиктигин, багытын жана ылдамдыгын гана аныктай алышат. Учак кайсы мамлекетке таандык экенин аныкташ үчүн башка учак менен аны жакындан көрүү керек, бирок андай учак болгон эмес",- деди Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 24-ноябрында Түркия-Сирия чек арасынын жанынан орусиялык Су-24 учагы атылып түшүрүлгөн. 28-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык учактын атылып түшүрүлүшү орус-түрк мамилелери үчүн олуттуу натыйжага алып келерин айткан. Орусия түркиялык продукцияларга санкцияларды салган жана түркиялык жарандарды Орусиянын аймагында жумушка алууда чектөөлөрдү киргизген.