Оор жүк ташуучу унаалардын жүгү нормадан ашса, ар бир чакырым үчүн 1 тоннага 20 сомдон алынарын Транспорт министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинин башчысы Эмил Таштаналиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Автотранспорттук каражаттар тарабынан жолго келтирилген зыяндын ордун жабуу тартиби тууралуу №481-токтомго ылайык, оор жүк ташуучу унаанын бир октогу (ось) жүгүнүн салмагы 7,5 тоннадан ашса, ар бир чакырымга 1 тоннага 20 сомдон алынат. Бөлүнбөчү жана габариттик жүк үчүн атайын тариф бар, алар тууралуу айдоочулар билишет. Ар бир постто бөлүнбөчү жүк үчүн төлөмдөрдүн жадыбалы илинип турат. Аларды ошол жердеги бажы кызматкерлери эсептеп беришет. 2015-жылы бул төлөмдөрдүн суммасы 33 миллионду түздү. Баары мамлекеттик казынага түшөт. Эркеч-Тамдагы посттон күнүнө 40тай унаа өтөт. Маалыматка караганда, 5-6 айдоочу "акчабыз жок" деп жатышыптыр. Төлөмдү төлөшсө эле уруксат кагаз менен эсеп дүмүрчөк берилет",- дейт Эмил Таштаналиев.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-январында "Эркеч-Там" постундагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине нааразы болуп жатышканы "Элдик кабар" рубрикасына жарыяланган.