Ушул аптада Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты ант берет

3-февралда Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты ант берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча арызын жазган Жоомарт Сапарбаевдин ордуна Абдимуктар Маматов "Ата Мекен" фракциясына келет. Урмат Самаев менен Алмазбек Токторов "Кыргызстан" фракциясынан кетишкен Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ордуна келишет.

Эскерте кетсек, эки экс-депутат айым өздөрү арыз жазбаганын айтышкан, бирок Жогорку Сот алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан