Ошто билим берүү жана мугалимдин статусу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды

29-январда Оштогу №52-таланттуу балдар мектебинин чоң залында “Билим берүү мыйзамы жана мугалимдин статусу” жөнүндө жаңы долбоордун талкуусу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, талкууга Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринин директорлору, социалдык педагогдор, бала бакчалардын тарбиячылары, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, Ж.Акаев, Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө мугалимдер ЖК депутаттарына өздөрү кызыккан ар кандай суроолорду берип, мыйзам долбооруна баалуу сунуштарын айтышты. Андан сырткары депутаттар билим берүү кызматкерлеринин шартын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Эскерте кетсек, “Билим берүү мыйзамы жана мугалимдин статусу” жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору тарбиячынын жана мугалимдин иши менен байланышкан мамлекеттик саясатты аныктап, укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга багытталган. Андан сырткары бул мыйзам долбоору алардын укуктук абалын камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө, алардын социалдык корголгондугунун кепилдиктерин ишке ашырууга жана жоопкерчилигин аныктоочу башка ченемдик-укуктук актылардын жоболорун өзүнө камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан