Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өрт кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына көңүл айтты. 1-февралда президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчы каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну президенттик аппаратка тапшырды. Андан сырткары каза болгондордун сөөктөрүн мекенине алып келүү боюнча маселени чечүүнү өкмөткө тапшырды.
Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы Стромынка көчөсүндө 30-январдан 31-январга караган түнү өрттөн 12 адам каза болгон. Маалыматтарга ылайык, алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан Кыргыз Республикасынын 2 жараны, Орусиянын жарандыгын алган 1 кыргыз жана 1 өзбек жараны качып чыкканга үлгүрүшкөн. Адам өлүмүнө алып келген бул өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон.