Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн тегерек столдун катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу 1-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын кайрылуусунун тексти:
“Урматтуу тегерек столдун катышуучулары!
2016-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигине 25 жыл болот. Ушул жылы Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл жана Кыргыз ССРине 80 жыл толгону терең символикалуу мааниге ээ. Бул окуялар өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхындагы негизги окуяларынын бири жана 1991-жылы азыркы эгемен кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусунун негизин түзгөн.
Кыргыздарда мамлекеттүүлүк идеясы дайыма жашаган, өзүнүн эки миң жылдан ашуун тарыхында кыргыз эли ар кандай сыноолорду башынан өткөрдү. ХХ кылымдын башында кыргыз элинин алдында кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачкан негиз пайда болгон.
Кыргыз өлкөсүнүн эли көптөгөн чыгаан уулдарынын ысымдарын унутпай, таазим этет, ал инсандардын күч-аракети менен Кара-кыргыз автономдуу облусу 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн. 1936-жылы Кыргызстан СССРдин курамында союздук республика статусун алган.
Бул мезгилди Ата Мекен тарыхында окуп-үйрөнүү азыркыга чейин актуалдуу бойдон калууда, ошону менен бирге тарыхый окуяларга баа берүүдө көптөгөн маселелер боюнча бирдиктүү түшүнүк калыптана элек. Тарыхый инсандардын ролу жана орду тууралуу субъективдүү баа берүү азыркыга чейин бар. Мына ушул карама-каршылыктар терең илимий изилдөөлөрдүн жана талкуулардын натыйжасында жоюлушу зарыл. Бүгүнкү тегерек стол ушундай мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
Илимий чөйрөнүн, академиялык коомчулуктун мамлекет менен конструктивдүү жана жемиштүү кызматташуусу мына ушул маселелер боюнча биздин өткөн тарыхыбыз жөнүндөгү билимдин бекем негизин түптөөсү абзел, ансыз татыктуу келечекти куруу мүмкүн эмес.
Бул иш-чаранын Тарых жана маданият жылынын башталышында өтүүсү мамлекеттүүлүктүн калыптануусунун негизги этаптарына өзгөчө маани берүү менен жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун жана жарандык патриоттуулугун өстүрөт. Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана илимий иштериңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм!"