Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук ченемдерин бузгандарга 10 000 сомго чейин айып пул салуу сунушталды

Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук ченемдери бузулгандыгы үчүн айып пулду көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда сунушталууда. Мыйзам долбоору 1-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында каралды.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусуповдун айтымында, аракеттеги Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга толук көлөмдө таасир бере албайт, себеби бүгүнкү күндө айып пулдардын көлөмү өтө эле төмөн. Андыктан мыйзам талаптарын сактоого караганда айып төлөө жеңилдик кылат. Маселен, жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды ташуудагы ветеринардык-санитардык ченемдер бузулган учурда салынган айыптын көлөмү жарандарга 100 сом, кызмат адамдарына 500 сом.

Мыйзам долбоору аркылуу айып пулдардын өлчөмүн 2000 сомдон 10 000 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Мыйзамга болгон мындай өзгөртүүлөр менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам бузуу деңгээли кыйла азаят.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков үйүндө мал союлган жагдайга да айып пул салуу маселесинде менталитеттик өзгөчөлүккө да маани берүү керектигин айтып, социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүндүгү менен айып пулдардын көлөмүн көтөрүү аркылуу коррупциялык көйгөйлөр жаралып калбайбы деген кооптонуулары менен каршылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан