Оң рулдуу унааларды каттатуу маселесине кайра кайрылуу демилгеси көтөрүлдү

2-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде оң рулдуу унааларды каттатуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, аны парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Мыйзам демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, оң рулдуу унааларды өлкө аймагына ташып келүүгө жана каттатууга тыюу салган "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын күчүнө киришинен улам келип чыккан айрым карама-каршылыктарды жоюу милдети турат.

“Мыйзам долбоорунда 2015-жылдын 3-июнуна чейин өлкө аймагына алынып келинген оң рулдуу автомашиналардын ээлерине өз мүлкүн каттатуусуна уруксат берүү чаралары каралган. Каржылык кыйынчылыктардан, дагы башка жүйөлүү себептерден улам алардын басымдуу бөлүгү автомашиналарын убагында каттата албай калган. Ал кемчиликти жоюу зарыл”,- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан