Башкы штабдын башчысы Жаныбек Капаров Кытайдын аскердик атташеси Ли Цзюнь менен жолугушту

Бүгүн, 2-февралда кытай тараптын демилеси менен КРнын Башкы штабынын башчысы, полковник Жаныбек Капаров жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариев Кытай Элдик Республикасынын Аскердик атташеси, улук полковник Ли Цзюнь менен анын кыргыз өлкөсүндөгү миссиясынын аяктап жаткандыгына байланыштуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай аскердик кызматташуусу тууралуу пикир алмашышты, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын тактап чыгышты жана эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланышты мындан ары дагы чыңдай берүү керектигине макулдуктарын билдиришти.

Кыргыз Республикасындагы КЭРдин Аскердик атташеси улук полковник Ли Цзюнь Кыргыз Республикасынын аскердик ведомстволорунун башчылары менен КЭРдин аскердик атташеси, өзүнүн ордун басуучу улук полковник Чжу Гожун менен тааныштырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан