Чүй облусундагы "Орок" электр көмөк чордонундагы авариядан 1 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилген

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин Чүй облусундагы "Орок" электр көмөк чордонундагы авария тууралуу маалыматы угулду.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" компаниясынын берген маалыматына караганда, 2015-жылдын 28-октябрында кабелдеги кыска чагылышуудан улам Чүй облусундагы "Орок" электр көмөк чордонунда авария болуп, башкы трансформатор күйүп кеткендиктен, бир катар айылдар жарыксыз калган. Азыр ал айылдар башка көмөк чордондоруна туташтырылып, оңдоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланган. Ал эми Мамлекеттик техникалык инспекция күнөөлүү тараптарга айып салуу чараларын көрүүдө.

Жыйын жүрүшүндө "Орок" электр көмөк чордонундагы авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында мекемелер аралык комиссия түзүлүп, келтирилген зыяндын көлөмүн иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Алдын ала болжолдоолорго караганда, көмөк чордонго 1 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилген. Аба ырайы жылыса, “Электросила” компаниясы авария маалында күйүп кеткен узундугу 710 метр электр кабелин калыбына келтире баштайт.

Жыйынтыгында "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" компаниясы менен Мамлекеттик техникалык инспекция агенттигинин жетекчилерине электр көмөк чордондорунда иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин көтөрүү, авария чыгымдарынын ордун толугу менен толтуруу, оңдоо иштеринин сапатын жакшыртуу маселесине көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилди. Ошондой эле административдик айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү чараларын көрүү зарылдыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан