Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынынын башталышында Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандары эскерилди.
Төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттары бул кырсыкта каза болгон 8 мекендешибиздин жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. Ошону менен катар Жогорку Кеңештен ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.
Мындан сырткары депутаттардын бир күндүк эмгек акысын аталган мекендештерибиздин жакындарына жардам катары бөлүү демилгеси көтөрүлдү. Ошондой эле кырсыкты иликтөө жагдайына Кыргыз Республикасынын күч органдарынын тартылышын көзөмөлдөө жагы да айтылды.