Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйыны Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталып, андан кийин жаңы депутаттар Абдимуктар Маматов, Урмат Самаев жана Алмазбек Токторов ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.

Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан жаңы эл өкүлдөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын депутаттык ишине ийгиликтерди каалады.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты парламентте ант бергенден тартып өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 11-январындагы чечими менен Чолпон Эсенаманованын, Элмира Жумалиеванын ("Кыргызстан" фракциясы) жана Жоомарт Сапарбаевдин ("Ата Мекен" фракциясы) депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан