Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. Отурумда депутат Жылдыз Мусабекова Бишкектеги №4-төрөт үйүндө С гепатити менен ооруган 11 дарыгер бар экенин айтып, абалга тынчсызданды. Депутат ал илдеттин дарыгерлерден төрөткө кирген аялдарга жугуп кетүү коркунучу бар экенин белгиледи. "Азыр социалдык баракчаларда катуу талкууланып жатат. Ал дарыгерлердин абалын министрлик текшерүүгө алып, төрөткө киргизбеши керек",- деп талап кылды.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев №4-төрөт үйүндө С гепатити менен ооруган дарыгерлер жок экенин айтты. "Бул аталган төрөт үйүндө буга чейин иштеп, кийин жумуштан бошотулгандар тарабынан уюштурулуп жатат. Алар атайын коомдо чыңалууну пайда кылуу үчүн ушундай маалымат таратышкан. Бирок бизде деле гепатит илдети менен ооруган дарыгерлер болот. Бизде гана эмес, башка мамлекеттерде деле болот. Алар жылына эки ирет текшерүүдөн өтүп турушат. Тиешелүү куралдарды колдонуп сактанышса, бейтапка жугуп калуу коркунучу болбойт",- деп жооп кылды министр.